Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман, Жүрөгүмдө толуп турду махабат дастан. Экөөбүздү бөлүп турду бул дүйнө жалган. Кандай жансың көз отумду байкабай калган?
Сага деген армандарым айтылбай калды, Сени дегдеп көңүл черим жазылбай калды. Сезимдерди чокко салдың, бейтааныш жигит. Сарсанаадан калган күнүм арылбай калды.