Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Кыз Бурак - Кыргызымдын жигиттери | Текст песни

Ала качып, ала качып,
Аргымактар арыш керет.
Азанатып, азанатып,
Азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү - от, каны ысык.
Ала-Тоону бел кылып,
Ата Журтту дем кылып.
Абалтадан шок болот,
Алоолонгон от болот.
А болбосо жок болот,
Кыргызымдын жигиттери!

Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп,
Жердин үстүн тулпар келет.
Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп,
Дүйнө жүзүн шумкар келет.
Кымыңдашат кыргыздар,
Жымыңдашат жылдыздар.
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой.
Акыл-эсин камчылап,
Аккуладай алкынат.
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери!

Учту мына, учту мына,
Айчүрөкпү же ак куубу?
Шукшурула, шукшурула,
Жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улам,
Жакындады боз улан.
Ана жетти, жетти, жетти,
Бек кучактап кетти, кетти, кетти.
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!

Другие названия этого текста
  • Зарина - Кыргызымдын жигиттери (0)
  • Кыз Бурак - Кыргызымдын жигиттери (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2
Популярное сейчас
Видео
  • Клара Алибекова - Кыргызымдын Жигиттери Клара Алибекова - Кыргызымдын Жигиттери
    Клара Алибекова - Кыргызымдын Жигиттери .... ыр!!! соз жок! автор кыз бурактын "анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын" деген ырды ...
  • Айгуль Максат тобу Анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын Айгуль Максат тобу Анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын
    Песня "Анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын" из живого концерта ... Клара Алибекова - Кыргызымдын жигиттери МК Талант Баевдин ...
  • Кыз бурак, Ысык-Көл 2012 Кыз бурак, Ысык-Көл 2012
    Отрывок из песни "Кыргызымдын жигиттери" (Джигиты кыргызов) в исполнении ансамбля Кыз Бурак, Ысык-Куль, Кыргызстан, 2012, ...
  • Кыз Бурак "Чаки чаки" Кыз Бурак "Чаки чаки"
    Кыз Бурак "Чаки чаки" .... Кыз Бурак Анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын - Duration: 2:31. by Кыргызча клиптер 2015 6,923 views.