"Армансыз жашоо болбойт бул жалганда", Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын. Оо, кайран жаштык күндөр өтүп жатат, Кантейин мен жете албадым, армандамын.
Кайырма: Оо, жаштык күн кайда, Биз өткөргөн түн кайда? Махабатка кумар канбай, Биз сунушкан гүл кайда? Тоо жаңырта обон созгон, Мага тааныш үн кайда? Кайда-кайда, гүл кайда? Мага тааныш үн кайда? Тоо жаңырта обон созгон, Мага тааныш үн кайда?
Күйдүрүп күндөн-күнгө ачыласың, Жомоктогу пери сымал азгырасың. Өзүңсүз кайра күндөр өтүп жатат, А мен арман дайрасында агыламын.
Кайырма:
Жүрчү, жаным, кетеличи тээ алыска, Колду шилтеп, ушак сөз, кур намыска. Эң бактылуу күндөр, балким, алдыдадыр, Жетеличи бизди күткөн чоң бакытка.