Айланчыктап сени көргөн кезимден, Ай-жылдызды карачумун көзүңдөн. Ал ансайын ала качып карегиң, Атаганат ошондогу көз ирмем. Кайырма: Жылдар өтөт, жылдыз өчөт Жаштык өтөт, жалын өчөт, Жалгыз гана, сен өчпөйсүң сезимден. Эгер эркем чыгарбасаң эсиңден, Эреркегем эргүү алып өзүңдөн. Элесимде элесиңе эркелеп, Эми минтип эт жүрөгүм эзилген. Кайырма: Болочоктун бак-таалайы сезилген, Бото көзүм бой эргиткен сөзүңдөн. Боздогонум билсе билер бир гана, Ботосунан ажыраган боз инген