Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Кыргызская народная музыка - Эсимде (instrumental minus) | Текст песни

Жайдын толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,
Жайрады селки эсимде.

Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде,
Турмуштун сырын тереңдеп.

Агарып тоодо таң аткан,
Суюлуп жылдыз бараткан,
Калды го бекен эсиңде,
Кыйышкан күлө карашкан.

Атыңды ойлоп андагы,
Көңүлүм сенден калбады.
Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөй болсун алганы.

(слова) Жусуп Турусбеков,
(музыка) Атай Огонбаев

Кыргызская народная музыка еще тексты


Другие названия этого текста
  • Город 312 - Эсимде (Кыргызская песня) (1)
  • Кыргызская народная музыка - Эсимде (instrumental minus) (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-