Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

кыргызстан - минус | Текст песни

\"Кыргызстан\"
1 Канча жолу өчүп кайра тирилдик,
Касиеттүү эл катары билиндик.
Кара келип боздобосун энелер,
Калкыбызда болуп дайым биримдик.

Припев
Кыргызстан,
Кандай жер сага теңелет
Карачы кандай керемет
Менин жерим
Кыргызстан
Ажайып көркү ачылат
Карачы кандай нурданат
Менин элим.

2 Баары күтөт жакшы заман келишин,
Бак тигели, балдар жесин жемишин.
Наркыбызды сактап бекем туралы,
Намыс үчүн, мекен үчүн, эл үчүн.

3 Каныбызда мөл булагы агылат,
Каректерде шам чырагы жагылат.
Дүйнөдө жок мындай жерди издесең,
Биздин гана жүрөктөрдөн табылат.

4 Асылдар көп залкар чыгып заманда,
Калайыктын бактысына жаралган.
Ошол үчүн бийик болуп Ала-Тоо
Байыртадан улуу кыргыз аталган.


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-