Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Лира Райымбекова, Анапия Райымбекова, Дилбар Райымбекова - Кыргызстан обондору | Текст песни

Кылымдарды миң жылга толгонгону,
Кыргыздардан кысынуу жоголгону.
Кыргыз көчү күү болуп обон созот,
Кыргыздарга кыргызстан,
Кыргыздарга кыргызстан обондору.

Эзелтеден элимдин ойлонгону,
Эгемендик бүгүнкү болгондору.
Эркин турмуш, азаттык ырын ырдайт,
Эл-журтуна кыргызстан,
Эл-журтуна кыргызстан обондору.

Ырын жазды акындын Жолондору,
Ырга чыкты Ысык-Көл, Донондору.
Ырдайт ата мекенин, эли-жерин,
Ырга кошуп кыргызстан,
Ырга кошуп кыргызстан обондору.

Түркүн дүйнө жашоонун соболдору,
Түрмөктөлгөн ойлордун оромдору.
Түнү-күнү ырдалып жатса дагы,
Эч түгөнбөйт кыргызстан,
Эч түгөнбөйт кыргызстан обондору.


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
    Нет видео
    -