Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Малика-Дина - Жолугабыз аз кундо | Текст песни

Көлдүн жээги, бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.

Эми алысмын куса болуп сагынып,
Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.

Ар бир кыял-мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын түбү келип сабырдын,
Сагынуумдун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.

Другие названия этого текста
  • Малика дина - жолугабыз аз кундо (2)
  • Малика-Дина - Жолугабыз ар кундо (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 3
Видео
  • Malika Dina Kyrgyz Singer Malika Dina Kyrgyz Singer
    Malika Dina Kyrgyz Singer .... "Нурлан Насип & Малика Дина - Тунук махабат" Кыргыз ырлар МК - Duration ...