Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Мирбек Атабеков - Жаным [instrumental] | Текст песни

Сөзү: Алмаш Чойбекова
Обону: Кадыралы Артыков

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманда бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага!

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага!

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн нуру уясына,
Күн нуру уясына баткан кезде,
Барам сага!

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага!
Барам сага!

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Популярное сейчас
Видео
  • Мирбек Атабеков - Жаным Мирбек Атабеков - Жаным
    Don't like this video? Sign in to make your opinion count. Sign in. 1. Loading... Loading ...
  • FELDOM FEAT ADIL - ИЛЬЯСТЫН ЫРЫ FELDOM FEAT ADIL - ИЛЬЯСТЫН ЫРЫ
    Мирбек Атабеков - Ильяздын ыры (Минусовка Full HD Audio) - Duration: 4:27. ... Мирбек Атабеков - Жаным (из фильма ...
  • Песня Бегиша и Мирбека Атабекова в исполнении Эмиль Эсеналиева и Адика Песня Бегиша и Мирбека Атабекова в исполнении Эмиль Эсеналиева и Адика
    Песня Бегиша и Мирбека Атабекова в исполнении Эмиль Эсеналиева и Адика.