Көлдүн жээги, бирге басып салкындап, Жайдары мүнөз жаз күнүндөй жаркылдап. Жумшак шамал бетти аймалап сыласа, Майда толкун жээкке урунат шарпылдап. Кошкун дедиң көпкө карап кол булгап, Кете бердиң пароходдо калкылдап.
Эми алысмын куса болом самасам, Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң. Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги, Жаным сүйүп, жалгыз сени жаратам. Ашыктыгым ого бетер артылат, Сагынганда сүрөтүңдү карасам.
Жазган катың жанга кубат киргизет, Кээде ойлоном тынч ала албай, дирилдеп. Кыял деген күлүк нерсе эмеспи, Сага жетип, кайра мага жүгүрөт. "Кара көзүм, калбайсыңбы?" дегенсип, Курган жүрөк кээде коет дүкүлдөп.
Ар бир мүнөт элестериң көңүлдө, Унутпастан эстейм өзүң жөнүндө. Сары алтын түбү келип сабырдын, Сагынуунун зардалына жеңилбе. Аз күн калды жолугушчуу убакыт, Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.