Бетиме түшсө жамалың, Ашыглык отко жанамын. Боорукер болсоң колдоп ал, Боздоп жүргөн баламын. Алкымыңа жарашкан, Алтын иймек сагагың. Ай тийгенсип көрүнөт, Ак бермет таккан тамагың. Боз уланды какшаткан, Болор-болбос баш баккан, Сенин бөдөнө тумшук мамагың.
Айдап-айдап мал бербей, Айры өркөчтүү нар бербей. Сүрүп-сүрүп мал бербей, Сүйрү өркөчтүү нар бербей. Башымды берсем тартууга, Алар белең, Мөлмөлүм? Ашыглыкка бир дабаа, Же табар белең, Мөлмөлүм? Же мал бербей, өзүн берет деп, Бул өлбөсө кимге керек деп, Чанар белең, Мөлмөлүм?
Берейин десем малым жок, Мал табууга алым жок. Кедейликтин дартынан, Тышым жалын, ичим чок. Көрүнүп койчу бир жолу, Булуттан чыккан айга окшоп. Көрүнүп койсоң болбойбу? Булуттан чыккан айга окшоп.
Мирбек Атабеков - Молмолум. Скоро!!! на канале Музыка Мирбек Атабеков - Молмолум. Скоро!!! на канале Музыка. KULTAEV PRODUCTION. SubscribeSubscribedUnsubscribe 375375 ...