Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Мирбек Атабеков - Молмолум 2015 | Текст песни

Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм.
Бир карасаң жүрөккө от
чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң
жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын
тилегиндей, Мөлмөлүм.

Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
какшып жаткан чөлдөрүн.

Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү
"Мөлмөлүм!" деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыга албай жатып ошондо,
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа мен,
Ак маржан болуп тагылсам.

Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан,
Тышым жалын, ичим чок.
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок.
Көрүнүп койсоң бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп

by elemanz

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Популярное сейчас
Видео
  • Мирбек Атабеков Молмолум хит 2015 Мирбек Атабеков Молмолум хит 2015
    Мирбек Атабеков Молмолум хит 2015 ... Published on Sep 1, 2015 ... Тынчтыкбек Айылчиев "Такси"_Супер ...
  • Мирбек Атабеков - Молмолум. Скоро!!! на канале Музыка Мирбек Атабеков - Молмолум. Скоро!!! на канале Музыка
    Мирбек Атабеков - Молмолум. Скоро!!! на канале Музыка. KULTAEV PRODUCTION ... Please try again later. Published on ...
  • Мирбек Атабеков молмолум Бекзат Мирбек Атабеков молмолум Бекзат
    Мирбек Атабеков молмолум Бекзат. Saliha Sultan. SubscribeSubscribed Unsubscribe 00. Loading. ... Published ...
  • Мирбек Атабеков 2015 Мирбек Атабеков 2015
    Мирбек Атабеков - Молмолум (Official Video) - Duration: 3:05. by Кыргыз Принц 62,160 views. 3:05. Мирбек Атабеков ...