Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Мирбек Иманбеков - Молмолум | Текст песни

Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу - Мөлмөлүм,
Бүгүн белгилүү болсун ыр менен.

Эки илабиң - кызыл гүл,
Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасам жүрөккө от,
Чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң,
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын,
Тилегиндей, Мөлмөлүм.

Күйдү Мөлмөл аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү,
Мөлмөлүм деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан, аа,
Калемпир мончок жытыңдан.

Бетиме түшсө жамалың,
Ашыглык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан,
Алтын иймек сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт,
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан,
Сенин бөдөнө тумшук мамагың.

Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей.
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей.
Башымды берсем тартууга,
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир дабаа,
Же табар белең, Мөлмөлүм?
Же мал бербей, өзүн берет деп,
Бул өлбөсө кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?

Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан,
Тышым жалын, ичим чок.
Көрүнүп койчу бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
Көрүнүп койсоң болбойбу?
Булуттан чыккан айга окшоп.

Мирбек Иманбеков еще тексты


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 4
Видео
  • Мирбек Имамбеков "Молмолум" слМалик Аликеев Мирбек Имамбеков "Молмолум" слМалик Аликеев
    Мирбек Имамбеков "Молмолум" слМалик Аликеев .... Мирбек Атабеков - Сен жана мен / Mirbek Atabekov - Sen jana men ...
  • Мирбек Иманбеков - Мөлмөлүм Мирбек Иманбеков - Мөлмөлүм
    kyrgyz molmolum. ... 50+ videos Play all. Play now. Mix - Мирбек Иманбеков - Мөлмөлүмby YouTube ...