Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Үмүт Бегалиева - Жар жар (кыргызча) | Текст песни

Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур жар-жар.

Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз жар-жар.

Алтын ордо гүл бакча,
Калалуу бол жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол жар-жар.

Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн жар-жар.
Асманга учсун куш болуп,

Ак тилегиң жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун жар-жар.

Көлөкөлүү саябан,
Бак болгула жар-жар.
Мөмөлөрү ийилген,
Шак болгула жар-жар.

Кадыр көңүл табылбайт,
Калыс болгун жар-жар.
Ушак менен айыңдан,
Алыс болгун жар-жар.

Ырыс алды ынтымак,
Билип жүргүн жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн жар-жар.

Ак булуттан себилген,
Кар болгула жар-жар.
Дайым ушул жашоодо,
Бар болгула жар-жар.

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-