Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Неизвестен - Кызыл орамалды шынарым | Текст песни

Жаштык багын арман коштогон,
Тагдыр бизди шондо кошпогон.
Эркелетип эми жүрөсүң,
Уулуңду сен мага окшогон.
Бакыт багын күйүт коштогон,
Турмуш бизди шондо кошпогон.
Ээрчитип эми жүрөсүң,
Уулуңду сен мага окшогон.

Кайырма:
Уулуң мага окшогон,
Мен да ага окшоном.
Кара аяр көзүнө,
Карай албай томсором.
Аттиң, көзгө жаш алам,
Аттиң, кантип кече алам?
Кантип эми экөөңдүн,
Кадырыңа жете алам?
Балаң мага окшогон,
Мен да ага окшоном.
Кара аяр көзүнө,
Карай албай томсором.
Аттиң, көзгө жаш алам,
Аттиң, кантип кече алам?
Кантип эми экөөңдүн,
Кадырыңа жете алам?

Сүйүү дастан ким бар созбогон,
Сүйүү таңын ким бар тоспогон?
Байке десе сыздайт жүрөгүм,
Уулуң сенин мага окшогон.
Сүйүү ырын ким бар созбогон?
Толкундаймын кайра козголом.
Байке десе ыйлайт жүрөгүм,
Уулуң сенин мага окшогон.

Неизвестен еще тексты


Другие названия этого текста
  • Неизвестен - Кызыл орамалды шынарым (0)
  • ♥ - Қызыл орамалды шынарым (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2
Видео
Нет видео
-