Сен менин жазылбаган ырларымсың
Сен менин айтылбаган сырларымсың
Дуулдатып жаш жүрөктү алоолонткон
Сен менин жаштык жалым, жыргалымсың
Сен менин көк деңизим чалкып жаткан
Үстүндө аккуу ойноп, чардак учкан
Эң назик эрке сезим кударымдай
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан
Сен менин ак кептерим канат каккан
Сен менин мөл булагым калкып аккан
Раазымын миң мертебе тагдырыма
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан
Неизвестен еще тексты
Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2