Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Нияз Абдыразаков - Сени сагынганда (2016) | Текст песни

Нияз Абдыразаков
"Сени сагынганда..."

Сөзү : Темир Дамирбековдуку
Обону : Нияз Абдыразаковдуку

Жанган оттой жалындап,
Жалгыз калды жалдырап
Жансыз согуп жүрөгүм.
Өксүп ыйлап зарыгам,
Эңсеп дайым сагынам
Унута албай өзүңдү.
Элесиң жүрөгүмдө уялап терең, Кусалык менен.
Арманда калган тагдырыма Багынып келем.

Кайырма:

Сагынганда айламды таппай,
Күтө берем жолуң карай.
Сүйүүмдү сага айта албай,
Жүрөмүн сыздай.

Алсыз болуп азамын,
Тагдыр-буйрук жазганын,
Тарттым сүйүү азабын.
Ооруп жүрөк эзилди,
Сен сезбедиң сезимди,
Эки жолдо биз эми.
Муңайып жан дүйнөмдү муздак дем каптай, Ааламга батпай.
Туңгуюк жашоом караңгылай, Таңдарым атпай.

Кайырма:

Сансыз ойлор менден үзүлбөй,
Кайрылып келчи күттүрбөй.
Ардагым, ээрчишип түбөлүк
Биз жүрөлү...

Нияз Абдыразаков еще тексты


Видео
Нет видео
-
Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1