Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Октом Сапар уулу - Жалгызымсын | Текст песни

Pesni.guru - сайт для Гуру

Маңдайыма сени жазган,
Ушул тагдыр буюрган.
Күлсөң күлкүң алтын-күмүш,
Ак жүзүңдөн куюлган.
Каректериң сыйкыр беле?
Кетпейт оюмдан.

Алмаштырбай бирге өттүм ушул жолумдан,
Түбөлүккө ажырашпай, кармайм колуңдан.

Кайырма:
Жалгызымсың менин ар дайым,
Жарык болуп мага кал дайым.
Жан дүйнөмдө жанып жашайсың,
Жыргалымсың ар дайым.
Жалгызсырап сенден калбайын,
Жамалыңдан сүйүп танбаймын.
Жылдызымсың күйүп асманда,
Жазда сүйүүм бар дайым.

Түбөлүккө сен деп жашайм,
Турмуш жолун улантам.
Көңүлүңдү көтөрөмүн,
Күлсөң, күлүп кубантам.
Жаратканым, айырбагын,
Сенден суранам!

Өкүнбөймүн, өзгөрүлбөйм – ушул убадам,
Өзүң менен өтсө өмүр, чексиз кубанам.


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-