Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Омар - Сыйлай жур | Текст песни


Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кетсем,
Эрмегим деп ырдай жүр.

Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө арга жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми, таарынба...

Ак кайың көрсөң кыйбай жүр,
Айылыңда жүрсөм сыйлай жүр.
Айылыңдан узап сен кетсең,
Алтыным деп ырдай жүр.

Кайырма

Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кетсем,
Жалжалым деп ырдай жүр.


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2
Видео
  • Таберик: Кыргызский танец "Кайдасын" (НГ 02-03, часть 5) Таберик: Кыргызский танец "Кайдасын" (НГ 02-03, часть 5)
    http://taberik.org Детский Творческий Театр Таберик (Бишкек, Кыргызстан). Новый год 2002- 2003 "Пиратские страсти", Театр Русской ...