Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым, Түнкү шамдай өчүп барат ыраңым. Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок, Аясаңчы, аясаңчы, менин сүйгөн Тумарым. Тумарым, ай-ай, Тумарым.
Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат, Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат. Сенин атың, сенин ошол элесиң, Жүрөгүмө тумар болуп кадалат. Тумарым, ай-ай, Тумарым, Жүрөгүмө тумар болуп кадалат.
Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым, Түнкү шамдай өчүп барат ыраңым. Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок, Аясаңчы, аясаңчы,менин сүйгөн Тумарым. Тумарым, ай-ай, Тумарым. Аясаңчы менин сүйгөн Тумарым.