Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Роза Аманова - Алматыга бараткан кыз | Текст песни

Жарышып мезгил менен максат тилей,
Жан дүйнөм алып учат канат күүлөп.
Атайы ак калпактуу кыргыз элден,
Баратам боордош элге канат күүлөп.

Каырма:
Алматыга бараткан кыз,
Аруу сезим жараткан кыз.
Тамылжыган таң нурундай,
Талантынын таңы аткан кыз.
Алматыга бараткан кыз.

Билүүгө билбегенди дагы терең,
Кылымдар мурас кылган комуз менен.
Жеңижок, Атай, Кенен, Эстебестей,
Өнөрдүн улуу жолун улап келем.

Кайырма:

Ала-Тоо асман тиреп карап турат,
Эки элдин өнөрүнөн алып кубат.
Токтогул, Курмангазы аталардын,
Жолунда жүрсөк экен өнөр улап.

Кайырма:

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 6
Видео
Нет видео
-