Күлгөн күлкүм, черткен күүлөр, ырларым, Жалгыз сага арналганын бил, жаным. Бакыттын бул мелт-калт толгон кесесин, Эч бөксөртпөй ээлеп тургун, жыргалым.
Кайырма: Ээ-ээ-ээ-ээй, мен сага таарынгым келет, Мен сени сагынгым келет.
Эки жүрөк бир жүрөктөй сезилген, Эс тандырган эстен кетпес көз ирмем. Эгиз жандай өткөрөлү, өткөрөлү өмүрдү, Энчиленип экөөбүзгө бир келген.
Кайырма:
Күлгөн күлкүм, черткен күүлөр, ырларым, Жалгыз сага арналганын бил, жаным. Бакыттын бул мелт-калт болгон кесесин, Эч бөксөртпөй ээлеп тургун, жыргалым.