Кызыгамын сага, кызым, сылык мүнөз, Кызыл гүлүм сен менин. Көчөдөн мен көрсөм кызганамын, Сулуу селким сен менин. Кечээ келсем бийге сен да жүрдүң, Көп кыздарга аралаш. Көп жигитти кызыктырат сенин, Ичке сындуу чып белиң.
Кечээ кирдиң сен түшүмө менин, Жанымда сен жаш келин. Мен ошондо сездим махабаттын, Кудуретин, күч-демин. Бүгүн барам сага гүл көтөрүп, Күтөсүңбү, делбирим? Мен айтамын өз сүйүүмдү сага, Ай перим, ай, ай перим.