Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Саламат Садыкова - Кыргыз жери | Текст песни

vk.com/turkicworld

Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде,
Мен дагы жолго чыгам, таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.

Улуусуң, Кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Суулуусуң, Кыргыз жери, ырдан бүткөн.

Ысык-Көл жердин көзү, кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
Седеби, топчулары ар бир ташы.

Кең түздүү, гүл денелүү Кыргыз жери
Күн жүздүү, берекелүү Кыргыз жери.

Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде,
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркын, таң күлкүсүн чачкан кезде.

Көркүңө көрк кошулар, Кыргыз жери,
Сезилет ата мээри, эне мээри.

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 13
Популярное сейчас
Видео
  • Саламат Садыкова "Кыргыз жери" Саламат Садыкова "Кыргыз жери"
    Саламат Садыкова "Кыргыз жери" ... Саламат Садыкова- Aла Tоо. Salamat Sadykova - Ala Too - Duration: 2:59. by ...
  • Кыргыз жери Саламат Садыкова Кыргыз жери Саламат Садыкова
    Кыргыз жери. Апас Жайнаковдун жаркын элесине. Сөзүн жазган Түмөнбай Байзаков. Ырдап жаткан Саламат Садыкова.