Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Салима Балтаева - Коктом эле | Текст песни

Pesni.guru - сайт для Гуру

Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Калмурат Рыскуловдуку

Оо, анда көктөм эле, көктөм эле,
Жаңы эле жаз жамгыры төккөн эле.
Капкара карагаттай көзүң менен,
Карадың кирпик какпай көпкө неге?

Кайырма:

Сейилдеп бакта жүрсөк айта албадым,
Сен ошол көз карашты байкабадың.
Мээримиң төгүп турсаң көз нуруңан,
Мен неге байкабадым, байкабадым?

Болгондур байкабастык тагдырымда,
Тагдырдын тайыздык же тардыгында.
Сезимде от тутантып да карасаң,
Сен үчүн кечер элем бардыгынан.

Кайырма:

Негедир ошол жазды эстей берем,
Эстейм да, андай жазга мен жетпей келем.
Алиги сеникиндей көз карашты,
Аттиң ай, мен эч кимден сезбей келем.


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 5
Видео
  • Э с Салима Балтаеванын жеке концерти Э с Салима Балтаеванын жеке концерти
    Э с Салима Балтаеванын жеке концерти. Нурлан Жолдошов. Subscribe SubscribedUnsubscribe 3,379. Loading... Loading... Working.