Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Салима Балтаева - Туулган жерди сагынуу | Текст песни

Сөзү: Б.Сейитбекованыкы
Обону: А.Карымовдуку

Жапжашыл жибекти жамынгандай,
Жайкалган төрүңдү сагындым, ай.
Жашоодо керемет кандай күч бар,
Жол күтүп мен сага камынгандай.

Кайырма:
Сактадым унутпай элесиңди,
Салкын төр, кызгалдак, белесиңди.
Саймалуу тоолоруң көздөн учуп,
Сагындым, туулган жерим сени.

Жол алып учушкан каркыралар,
Жолдогон саламым айтып барар.
Жол бою ак көйнөк кийип алып,
Жолумду күткөндүр гүлкайырлар.

Кайырма:

Жылдызың сагындым жыбырашкан,
Жымыңдап мага арнап ыр ырдашкан.
Жоодурап жолумду карашкандыр,
Жол четин ээлеген кызгалдактар.

Кайырма:

Салима Балтаева еще тексты


Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2
Видео
    Нет видео
    -