Айылыма барарымда аптыгып, Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып, Балбалактайм бар-жогумду унутуп, Балалыгым келүүчүдөй бастырып.
Кайырма: Алыңды айтып алыс жактан жел келет, Көптөн берки көңүл бугум жазамбы? Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп, Мен алыстан сагынганда атамды. Көздөрүңү өпкүм келет эркелеп, Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.
Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп, Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп. Жерге бутум жетпей учуп баратат, Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.
Кайырма:
Бактан булбул, кырдан таңшып улары, Баягыдай күнүң батып, чыгабы? Карегинен каруу-күчүн алдырбай Карааны тоо атам күүлүү турабы?