Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Самара Каримова - Мен дуйнону апам менен тааныгам. | Текст песни

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле, магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2
Видео
  • Тумонбай Колдошев Мен дуйнону апам менен тааныгам Тумонбай Колдошев Мен дуйнону апам менен тааныгам
    Тумонбай Колдошев Мен дуйнону апам менен тааныгам ... "Самара Каримова: Жолдошумдун өзү эмес, жан дүйнөсү миллионер" Шоу ...
  • "МЕН ДҮЙНӨНҮ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ"-ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШЕВ "МЕН ДҮЙНӨНҮ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ"-ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШЕВ
    Самара Каримова - Ыраазымын жолуктурган тагдырыма - Duration: 3:44. by ... Мен дуйнону апам менен тааныгам Тумонбай ...