Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Султан Садыралиев - Айылым | Текст песни

Султан Садыралиев "Айылым"
Сөзү К. Качкынбаеваныкы
Обону Н. Хасановдуку

Киндигимдин жаш каны,
Тамган жерим - айылым.
Балалыктын издери,
Калган жерим - айылым.
Боз ала чаң көчөңдүн,
Боз чымчыгын сагындым.
Чүкө ойноп өкчөгөн,
Чүрпөң болом, айылым.

Бар жашоонун башаты,
Баркың билдим, айылым.
Эрке уулуң кечиргин,
Эгер болсо айыбым.

Ааламга жол өзүңдөн,
Башталат го, айылым.
Канатында жашоонун,
Калкып барат кайыгым.

Торгой сайрап үн салган,
Тоском аппак таңыңды.
Топурагың алтындан,
Тоонун желин сагындым.

Балалыктын бактысы,
Баары сенде, айылым.
Бата тилейм өзүңө,
Өчпөсө экен жарыгың.
Балалыктын сүйүүсү,
Сенде калган, айылым.

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2
Видео
  • Кыргызстан Обондору Султан Садыралиев Асыл Жарым Кыргызстан Обондору Султан Садыралиев Асыл Жарым
    Кыргызстан Обондору Султан Садыралиев Асыл Жарым. Рахат Макеева. SubscribeSubscribedUnsubscribe 17 ...
  • Султан, Токтобек, Замир "Айылым" КТРК ХХI к. жылдыздары Султан, Токтобек, Замир "Айылым" КТРК ХХI к. жылдыздары
    ... жылдыздары долбоорунун 2013-жылга арналган жаңы жылдык чыгарылышындагы Замир Арыкбаев, Султан Садыралиев ж...
  • Не Султан Садыралиев-а Алтынбек и Нагима Не Султан Садыралиев-а Алтынбек и Нагима
    Не Султан Садыралиев-а Алтынбек и Нагима .... Султан, Токтобек, Замир " Айылым" КТРК ХХI к. жылдыздары - Duration: 5:10. by ...