Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Султан Садыралиев - Кыргыз бийи | Текст песни

Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.

Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.

Кайырма:

Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.

Кайырма:

Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.

Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.

Другие названия этого текста
  • Султан Садыралиев - Кыргыз Бийи (1)
  • Султан Садыралиев - Кыргыз бий (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 3
Видео
  • КЫРГЫЗ БИЙИ - Султан Садыралиев жана Себаттын бийчи окуучулары ... КЫРГЫЗ БИЙИ - Султан Садыралиев жана Себаттын бийчи окуучулары ...
    КЫРГЫЗ БИЙИ - Султан Садыралиев жана Себаттын бийчи окуучулары - КЫРГЫЗСТАН. Sebat Egitim Kurumlari. SubscribeSubscribed ...
  • Жаш Жылдыз кыздары Кыргыз бийи Султан Садыралиев Жаш Жылдыз кыздары Кыргыз бийи Султан Садыралиев
    Жаш Жылдыз кыздары Кыргыз бийи Султан Садыралиев. Burmachach Tomoeva. SubscribeSubscribedUnsubscribe 33 ...