Сөзү : К.Качкынбаеваныкы
Обону : И.Абдыразаковдуку
Тагдырыма таарынамын,
Таба албастан ага ыйлап багынамын.
Асыл эркем, сагынамын,
Айтчы, кайсы кадамымдан жаңылганмын?
Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы.
Кайырма:
А балким, бул тагдырымдын тайкысы,
Анан кантем, сенде жүрөк ачкычы.
Болдум эми махабаттын жалгыз жарчысы.
Сүйүү тамчысы...
Билесиң, бул арманымды,
Жалгыз гана ырга айланып калганыңды.
Ойлоп-ойлоп мен, сүйгөнүм,
Өзүмдү-өзүм сооротконду эми үйрөндүм.
Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы.
Кайырма:
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1