Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Тата Улан - Ай жанырып | Текст песни

Асмандагы жылдыздар жалдыратып каратат,
Санын билбей каласың, саарда таң атат.
Зымылдаган өмүрүң кайда учуп баратат?
Кирип чыгып кетесиң бир ирмемден бат.

Эсте калган күндөрдөн кайсынысы кубантат?
Жан дүйнөңдү жылытып, жүздү жылмайтат.
Кейибегин өткөнгө, кекти сактап кепинге,
Кечиримдүү бололу, жүзүң нурланат.

Түйшүк түшсө башыңа үшкүрүнүп түңүлүп,
Тагдырыңа таарынып, үф дегенди кой.
Кара башың аманбы, тирүү жүргөн жаманбы?
Канча болуп кетсе да, шүгүр айтып кой.

Бул жашоонун маңызын бир сөз менен камтысам,
Түшүнө алсаң жүрөктөн, келтиргин тобо.
Жаратканым жаратып, жерге баарын жайылтып
Бизге койгон талабы, болгону сыноо.

Кайырма:
Ай жаңырып, таң агарып,
Күндөрүң өтүп барат артта калып.
Ай жаңырып, таң агарып,
Жашоонун тегирмени чаң чыгарып.

Жаратканым төбөдө, жети кабат өйдөдө,
Биздин сүргөн жашоону асмандан карап.
Билбей калды дебегин, сенин бардыр керегиң,
Ошон үчүн карегиң күн көрүп турат.

Бийлик үчүн жулунсаң, байлык үчүн жутунсаң,
Элге кызмат кылсын деп буйруптур сага.
Кылганыңды жактаба, кыйраттым деп мактанба,
Ар бир кылган ишиңди Кудайга арна.

Жалган дүйнө жаңылтып кооздугуна азгыртат,
Түбөлүккө калчудай чөнтөгүң калат.
Байлык, бийлик жоголуп, өмүр жиби үзүлүп,
Сени менен кабырга соопторуң барат.

Бул жашоонун маңызын бир сөз менен камтысам,
Түшүнө алсаң жүрөктөн келтиргин тобо.
Жаратканым жаратып, жерге баарын жайылтып,
Бизге койгон талабы, болгону сыноо.

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-