Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Тата Улан - Баары бир | Текст песни

Төшкө кагып такылдатып айтар сөзүң барбы?
Караңгыда көз көрбөсө карматканым шамбы?
Бул жашоодо сени ойлогон бирөө-жарым барбы?
Эне-атаңдын көз карашы чырайлуу таңбы?
Бул жашоодо өмүр сүрүп, ойлонгонуң чынбы?
Керектүүсүн талкуу кылган дареметиң тыңбы?
Кыйналгандар көтөрө албай тырс эттирип сынды,
Оор көтөргөн бөтөлкөсү адамды тыйды.
Ар заманда кыйынчылык өз калыпта болгон,
Касиетин жоготкондор саман-саман толгон.
Бийлик менен тирешүүлөр ар кылымда болгон,
Акча деген балакетиң бай-кедейге бөлгөн.

Кайырма:
Оор турмушту ханга шылтап көнгөнүбүз баары бир,
Таба албастан жерди жыттап жүргөнүбүз баары бир.
Жалкоолукту күлкү кылып күлгөнүбүз баары бир,
Келечексиз ушул жорук мага деле баары бир.
Кимиң барсың, айта албайсың, ушул сөздү баары бир,
Жаштын көбү үн чыгарбайт, угушпайт го баары бир.
Устукан бизге тартылат, унутпагын баары бир,
Сөздөрүмө түшүнбөсөң, чын жүрөктөн баары бир.

Сен барсыңбы бул дүйнөдө апаң үчүн таңбы?
Кудай деген сөздөрүндө калыс, чындык барбы?
Ачык көңүл, ыйман жолго көкүрөгүң тарбы?
Ташта ары жаман ойду, таптап өткөн жарды.
Чет өлкөдө кызмат өтөп, оор жумушка зарбы?
Элдин саны чет өлкөдө бир кичине шаарбы?
Кордук көрүп кыйналгандар араңарда барбы?
Мен да болгом жаныңарда күрөп жолдон карды!
Банк көбөйүп жергебизде, Швейцария аталдык,
Акча жуучу кир машине Мексика шайландык.
Ысык-Көлдү талаттырып, мончо кыла салдык,
Кызын сатып көнгөндөрдөй болгону калдык.

Кайырма:
Кечиргиле катуу тийсе жүрөктөгү сөздөр,
Ылдый карап өтө албастан түз караган көздөр.
Азыр сүйлөп кыйналганым болгону бир сөздүр,
Мени көрүп сөз таба албай унчукпады көздөр.
Бул жашоонун кереметин толук татып көргүн,
Дыбыратып өтүп кетет турмуш деген – өткүн!
Көз жумулуп ачылганча көркү келет күздүн,
Кайсы бактан өмүр бою үзүрүн үздүң?
Элин баккан жигиттердин казынасы толсун,
Кыргыз наамын көтөргөндү Кудайым колдосун.
Эне-атасын сыйлаганга ыйман бекем болсун,
Дин жолунда жүргөндөргө Алла ыраазы болсун!

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Популярное сейчас
Видео
    Нет видео
    -