Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

умар - Алга Кыргыз | Текст песни

Мен Кыргызмын, мен, мен алга кыргыз калкым,
Мен кыргызмын, улуу кыргыз бойдон келет калгым.
Кыргыз улут кыраан, кыраан жигиттерге бай келген,
Ырас, ырас эле кыргыз болуп жаралган экем.
Кылым карып бирок кыргыз кыргыз бойдон калган,
Мен миң өлүп, миң тирилген мен ушундай калкмын.
Баатыр Манас атам болгон ал менин гана атам,
Миң талашып, миң кырылгын Манас кыргыздан чыккан.

Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.

Кыргыз элим илгертен, баатырларга бай келген,
Кыраан, кыраан жигиттерди элим баалап даңк берген.
Кыргыз элим намыскөйлүү намысына бек турган,
Кылым карып жылдар өтүп алдын көздөй умтулган.
Баатырыбыз Манас чыккан баатыр болгон баласы,
Арасынан кыргызымдын чыккан Тайлак баатыры.
Аргай жеринен жеримдин ар ким жети жагынан,
Чыккан Байтик баатырыбыз Курманбегибиз, Шабдан.
Чыккан экен баатырыбыз Атаке, Эр Табылды,
Кыраан күчтүү болгон экен Балбай деген баатырым.
Кожомкулдай күчтүү балбаныбыз чыккан кыргызда,
Баатыр энелерим болгон Курманжан Даткабыздай.
Эне баатыр Жаңыл Мырза менен чыккан Кыз Сайкал,
Айта берсек эч түгөнгүс азыр деле көп алар.
Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис,
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.

Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.

Жагабы жакпайбы сага улутум болсо кыргыз,
Мен кыргызмын жакшы көргөн беш бармак менен кымыз.
Күндөп, түндөп Манас айткан, укмуш черткен комузду,
Күлүк атты мендей чапкын көрдүңбү жэр кооздугун.
Мен кыргызмын Ала тоолук ак калпак баса кийген,
Бийик койгон өз тилимди өз элиме ийилген.
Кыргыз деген улутум менин кырылгыс эч качан,
Мага каршы чыкпа сендей миң душманымды кыргам.
Кыраан, кыраан жигиттерим менин эр жүрөк келген,
Мен кыргызмын намыскөйлүү намысыма бек келген.
Болом өтө конок пейил мейман тоском илгертен,
Кылам дегенимди кылган улут болом билбесең.
Кыргызымдан өнөр чыккан миң тарапка тараган,
Өнөрлөрүн өргө чапкан жазуучу акындардан.
Токтогулдай төкмө чыккан суудай төккөн ордунан,
Улуу Чыңгыз жазуучубуз чыккан дүйнө тааныган.
Акын чыккан Алыкулдай, Аалы, Жоомарт, Мидиндей,
Саякбайдай манасчыбыз чыккан экен элимде, эй!
Төкмө акын Жеңижоктойлордон канчасы чыккан,
Сүрөт тарткан Сүймөнкул Чокморовдой болгон адам.
Сүйүп күйүү эл жерине кылып кеткен кызматын.
Бекем эске тутуп алгын ал Исхак Разаковду,
Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис,
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.

Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.

Ала-Тоолук, улуу элиме эч бириң теңелгис
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.

Другие названия этого текста
  • умар - Алга Кыргыз (0)
  • Одмен - Есть спайс? (0)
  • Короли Оргазма - Алга Кыргыз (0)
  • Добр (киргизский рэпер) - Алга Кыргыз (0)
  • Мен КЫРГЫЗМЫН - Алга Кыргыз (0)
  • Добр - Алга Кыргыз (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 3
Популярное сейчас
Видео
  • Кылыч Саркарбаев (Кыргызстан) vs Евгений Деньщиков (Украина) Кылыч Саркарбаев (Кыргызстан) vs Евгений Деньщиков (Украина)
    Кыргызы выступают на всех международных конкурсах песни, танцев, спортивных состязаниях- нас знает весь мир!Кыргызстан алга!
  • Мыктыбек Мамасалиев Умар Янковский Мыктыбек Мамасалиев Умар Янковский
    Алга брат дагы чыгышын керек сен обязательно утасын брат Аллах .... Мыктыбек Мамасалиев(АК АЮ) новый бой КЫРГЫЗСТАН 30 05 ...
  • Кыргызстанцы на параде тюркских народов в Нью-Йорке Кыргызстанцы на параде тюркских народов в Нью-Йорке
    Кыргызстан прежде никогда не выступал в качестве участника на Параде тюркских народов, а в этом году усилиями ... Umar Amanbaev 1 year ago ...