Жалгызым деп сени жүргөм,
Жүрөгүмдөн берилип, сени сүйгөм.
Жараладың жалган сезимиң менен,
Сыздап жүрөм...
Кайырма:
Жок, келемин дебе,
Жок, кайрылчы дебе.
От сезимдер өчтү,
Ооруду, көңүл чөктү.
Үзүп салган үмүтүмдү,
Унута албай ичтеги күйүтүмдү.
Уурдап алып жан дүйнөмдү,
Сезбедиң күйгөнүмдү...
Кайырма:
Жок, келемин дебе,
Жок, күтпөймүн, келбе.
От сезимдер өчтү,
Ооруду, көңүл чөктү.
Жок, келемин дебе,
Жок, күтпөймүн, келбе.
От сезимдер өчтү,
Ойнотуп жүрдүң неге?
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1