Оорусам мен деп ооруган, Апакем менин бар бекен? Эмне үчүн келбейт бир жолу? Атакем менин кайда экен? Баладай качан күлөм мен? Силер деп ооруп жүрөм мен. Бар болсоң келчи, апакем? Кайдасың айтчы, атакем? Күттүрбөй келчи, ата-энем.
Чымчык да коргойт балапан, Чымды алып келип талаадан. Унчукпас болуп мен бүгүн, Кусадан ооруп баратам. Кызгалдак терип келсем дейм, Апакем, сага берсем дейм. Мойнунан бекем кучактап, Аталык мээрим көрсөм дейм, Энелик мээрим көрсөм дейм.
Сумсайып барат негедир, Ачылбай сыздап көңүлүм. Айта албай, ата, атыңды, Өтөбү эми өмүрүм? Күлкүнү билбей кайгырып, Ой менен жашап өтөмбү? Айта албай эми атыңды, Өмүрдөн өксүп өчөмбү? Жашоодон ыйлап өтөмбү? Баладай качан күлөм мен? Силер деп ооруп жүрөм мен. Бар болсоң келчи, апакем? Кайдасың айтчы, атакем? Күттүрбөй келчи, ата-энем.