Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Юлия Руцкая - Аппақ сүйүү | Текст песни

Элайза Абдисатарова
Бабалардан калган сүйүү ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына.

Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшиги ачып бергендей.

Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай,
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.

Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай-жылдызга сермеп колду сунсам да.

Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.

Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин бийик арзууга!
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
Мне нравится


Другие названия этого текста
  • Юлия Руцкая - Аппак сүйүү (1)
  • Юлия Руцкая - Аппақ сүйүү (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
  • Аппак суйуу. Юлия Руцкая Аппак суйуу. Юлия Руцкая
    КОНЦЕРТ НУРАКА АБДРАХМАНОВА И АНСАМБЛЯ «ЭН БЕЛГИ» CONCERT OF TRADITIONAL FOLK MUSIC AND DEBUT OF THE EN ...
  • Премьера фильма «Курманжан Датка» Kloop.kg Новости Кыргызстана Премьера фильма «Курманжан Датка» Kloop.kg Новости Кыргызстана
    Наш веб-сайт: http://kloop.kg. Facebook: ..... Кыргыз суудан газ, бензин алуучу аппарат ойлоп тапты! / 2014 - Duration: 3 ...