Курч мүнөз, эр жүрөк кыргыз балдары,
Силер бар элимдин болбос арманы.
Шумкары бийикке учуп көкөлөп,
Тулпарга ар качан жолдош жандары.
Кайырма:
Эл-жерин душмандан сактаган,
Эч кимге өз дилин сатпаган,
Чоо жүрөк жеңилбес кыраандары,
Кыргызды кылымга даңктаган.
Ак булутту жамынган,
Ала-Тообуз жаңырган,
Ак калпакчан жигиттер,
Айбаты курч жалындан.
Кыргыздын акылы көпкө тең келген,
Улуубуз байыркы өткөн элдерден,
Урпактар уланган айкөл шерлерден,
Улуу көч бийиктен бизге дем берген.
КЫЗ - БУРАК еще тексты
Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 3