Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

мирбек атабеков - суранамын, кечир мени (Please, forgive me) | Текст песни

Азгырылып, сезим менен ойноп,
Айрылдым өзүңдөн,
Биздин сүйүүбүздү жомоктой ойлоп.
Сага жагыш үчүн издөө айла,
Жалган айтып, алдадым,
Сени жоготуудан коркуп анда.

Кайырма 1:
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың.
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп, жанып, кеттиң алыс,
Сенсиз калдым эми жалгыз!

Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүрөк салдың,
Жалын болуп күйүп жаным,
Күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди,
Сагынычка эзбей эми,
Келчи деги,
Суранамын, кечир мени!

Алоолонуп жүрөк кезип кайра,
Ар дайым эсимде,
Ал күндөрүм менин соолубас дайра.
Эми сезимдерим издөө айла,
Жалгыздыкка кезигем,
Сенин "Сүйөм" - деген сөзүң кайда?

Кайырма 2:
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың.
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп, жанып, кеттиң алыс,
Эми сенсиз калдым жалгыз!

Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүрөк салдың,
Жалын болуп күйүп жаным,
Күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди,
Сагынычка эзбей эми,
Келчи деги,
Суранамын, кечир мени!

Суранамын, кечир, суранамын!
Кубанычым болуп,
Кучагыма толуп, кайрылсаңчы,
Сар-санаага алдырбай,
Аясыңчы мени жалгыз калтырбай!
Суранамын, кечир мени!

Другие названия этого текста
  • Мирбек Атабеков - Суранамын, кечир мени (minus) (0)
  • Мирбек Атабеков - Cуранам кечир мени (0)
  • Mirbek Atabekov - Suranamyn, kechir meni (0)
  • Мирбек Атабеков - Суранам, кечир мени... (0)
  • Мирбек Атабеков - Суранамын, кечир мени (OST "Талисман") (0)
  • мирбек атабеков - суранамын, кечир мени (Please, forgive me) (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Популярное сейчас
Видео
Нет видео
-